«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси борбор калаанын чок ортосун кооз жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу кылып жасалгалоо планын жарыялады. Аталган долбоор министрлер кабинетине көрсөтүлүп колдоо тапканы айтылды. Бирок масштабдуу иштер качан башталары жана канча каражат жумшалары белгисиз.