• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сурамжылоо: «Асман» шаары курулсунбу?

20 Үчтүн айы 2022 9:40 Бишкек Govori.TV

Былтыр июль айында президент Садыр Жапаровдун ошол кездеги кеңешчиси Равшанбек Сабиров Ысык-Көл облусуна Асман деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялаган. Анда “экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар төрт миң гектар жерге 7-10 жылдын аралыгында курулат. Үстүнөн караганда комузга окшош болот» деп айтылган.

Өткөн жыл октябрда Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, дирекция Асман шаарын долбоорлоо жана курууда мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин жарандык коом, жеке адамдар, эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөсүн камсыздайт.

Ал арада «Асман шаарынын курулушуна жол жок» деп аталган кыймылдын өкүлдөрү 19-январда Бишкекте жыйын өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымында, анда Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирери айтылып, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экени айтылды.

Ал эми сиздин пикириңиз кандай?

"Асман" шаары курулсунбу?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 1542