• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сурамжылоо: Азыркы депутаттардын кимиси шайлоого аттанды?

8 Аяк оона 2021 15:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген. Учурда шайлоого катышууну каалаган 75 партия өз арыздары менен БШКга кайрылуу жасашты. Мындан сырткары бир мандаттуу округ менен шайлоого бара турган талапкерлерди каттоо алдыңкы убакытта башталмакчы.

Ал эми Govori.TV агенттиги учурдагы 6-чакырылдыштын депутаттарынан сурамжылоо жүргүзүп, алдыдагы шайлоого катышуу ниети кандай экенин билип көрдү.

Жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан турат. Депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун акыйкатсыз, бийликчил партиялардын пайдасына өткөнүнө нааразылык жаралып, Кыргызстанда бийлик алмашкан. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтсүз тапшырып, анын ордуна Садыр Жапаров мамлекет башына келген. 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 2091