• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Сурамжылоо: Эгемен Кыргызстан 31 жылда эмнеге жетишти жана өлкөнү эмне артка тартты?

31 Баш оона 202217:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Кыргызстанда Эгемендиктин 31 жылдыгы белгиленүүдө. 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүлүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Эгемендик алган 31 жыл ичинде Кыргызстан кандай жетишкендиктер жана тескерисинче өнүгүүсүнө жолтоо болгон кандай окуялар болгону тууралуу шаар тургундарынын пикирин уктук.

Белгилей кетсек, Эгемендик күнүнө арналган башкы майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолот.

Количество просмотров: 134