• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сурамжылоо: Казакстандагы башаламандыкты террорчулардын кол салуусу деп атоого болобу?

11 Үчтүн айы 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Митингдерде элдин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылган. Демонстранттар «Чал, кет!» деп ураан чакырып, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бийликтен толук кетишин талап кылышкан. Бул акциялар өткөн аптада Алматы баштаган шаарларда Казакстандын тарыхындагы эң ири башаламандык менен коштолду. Адам өмүрлөрү кыйылып, имараттар, автоунаалар өрттөлүп, бир катар соода жайлары тонолуп талкаланды.

Алматыдагы тополоңду улай президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчтөрү келди.

Президент Токаев Казакстандагы акыркы күндөрдө болгон окуялар “бандиттердин жана террористтердин” чабуулунун натыйжасы болгонун айтты. Орусия баштаган уюмга мүчө мамлекеттердин дээрлик баары Казакстандын жетекчилигине колдоо көрсөтүшүп, деструктивдүү күчтөрдүн коркунучун бир ооздон белгилешти.

Буга чейин Казакстандын бир катар шаарларында митингге чыккандар “биз карапайым калкпыз, террорист эмеспиз” деп билдиришкен болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда башаламандыкка катышы бар деген шек менен сегиз миңге чукул адам кармалды.

Казакстандагы башаламандыкты террорчулардын кол салуусу деп атоого болобу?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 482