• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сурамжылоо: Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып келүүгө кандай карайсыз?

16 Бирдин айы 202213:08 Бишкек Govori.TV

2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааны коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш 2016-жылы 3-мартта тыюу салуунун мөөнөтүн 2020-жылга чейин узарткан. Буга чейин Ички иштер министрлиги жол кырсыктарына оң рулдуу автоунаалар көбүрөөк кабылаарын билдирген.

Устүбүздөгү жылдын башында бул маселе кайрадан көтөрүлүп, депутаттар тарабына өлкөгө оң рулдуу унааларды кайрадан алып келүүгө уруксат берүү демилгеси айтылды.

Бул маселе коомдо бир катар талкууларды жаратып, көпчүлүктү эки жээкке бөлдү.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда оң рулдуу унааларды каттоого тыюу салууну алып салуу сунушуна комментарий берип, буга болгон көз карашы түз эмес экенин айткан. Ал белгилегендей, оң рулдуу унааларга уруксат берсе, Орусияда, Казакстанда, Белорусияда тыюу салынган унаалар бул жакка келип баштайт.

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып келүүгө кандай карайсыз?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 1980