Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотту.
Соттук отурумга алынып келинген М. Суталиновду залда отурган тарапташтары шатыраган кол чабуунун коштоосунда тосуп алып, боштондук деп жар салышкан.
Ал эми Суталиновдун жактоочусу: «Темир тор артында «мыйзамдагы ууру» эмес генерал отурат»,- деп сөзүн баштады. Ошондой эле жактоочу коргоо докладын ыйлап окуп жатты.
Эске салсак, 15-апрелге белгиленген соттук отурумга Суталинов абалынын оорлоп кеткенине байланыштуу жеткирилген эмес. Мындан тышкары, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү келбей калганына байланыштуу сот жараяны 7-майга жылган.
Муратбек Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.
Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп келишет. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.