Өткөн сутка ичинде 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу эртең мененки брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 67 жашта);
№ 6 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 3 (3 эркек, 69-55-70 жашта);
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 53 жашта);
Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 64 жашта, аял 55 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 3 (эркек, 63 жашта, 2 аял – 59-70 жашта);
Москва аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 49 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 112 кишини түздү.