Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 337 бейтап, амбулатордук түрдө 307 адам дарыланууда.
«Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 924 киши айыгып чыкса, 1 миң 484 адам каза болду.