• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Сутка ичинде өлкө боюнча 53 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

25 Теке 202012:40 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкө боюнча 53 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 9, Чүй облусунда 5, Ош шаарында 8, Ош облусунда 16, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 11, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 633 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 305 медкызматкер айыкты”, — дейт ал.

Количество просмотров: 26