• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сутка ичинде коронавирус 606 адамдан табылып, 4 адам каза болду

25 Тогуздун айы 2020 11:34 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 606 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте — 88, Ош шаарында — 36, Чүй облусунда — 29, Ош облусунда — 97, Талас облусунда — 24, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда — 41, Жалал-Абад облусунда — 184, Баткен облусунда — 105 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 279 адам сакайып чыкты. Бишкекте — 53, Ош шаарында — 24, Чүй облусунда — 25, Ош облусунда — 73, Талас облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 55, Баткен облусунда — 30 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 47 миң 616 адам айыкса, 55 миң 750 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 134 жаран көз жумган. Бир күндө 4 өлүм катталды. Баткенде — 1, Нарын облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 328 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 156 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 575 учур катталды, алардын ичинен 3 266 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 123