• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Суу сактагычка чөгүп кеткен өспүрүм баланын сөөгү табылды

12 Теке 202114:20 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүм баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июль күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына 2004-жылы туулган К. у Н. аттуу эркек бала чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен 8 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 123