Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.
Өзбекстандын аймагындагы №2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатып, 19-июлда Ак-Булак дарыясына кулап түшкөн Б.Н.у. аттуу жоокердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин натыйжасында, сууга түшүп кеткен жерден 11 чакырым алыстыкта Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан 10 күндөн кийин жоокердин жансыз денеси табылган.
Ал эми 29-июлда жоокердин денеси Кыргызстанга алынып келинип, туугандарына өткөрүп берилди. Учурда тийиштүү экспертизалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.