• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Суусамырда жол кырсыгы болуп, 9 адам каза тапты (сүрөт)

23 Баш оона 202117:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам (алты аял, эки эркек жана бир жаш бала) каза болуп, бир эркек жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жеринде 5 куткаруучу каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамга жеринде тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 4405