Бишкек.24.07.2019.Govori.TV.
26-июлда туристтер үчүн Суусамырдан Соң-Көлгө ат менен өтүүчү маршруттун расмий бет ачар аземи болуп өтөт. Бул маршрутту «Кыргыз Туризм» компаниясы АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен ишке киргизип жатат.
Салтанаттуу иш-чара 2019-жылдын 26-июль күнү саат 12:00дөн 16:00гө чейин Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында өтөт. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, USAIDдин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.
«Кыргыз Туризм» компаниясынын ээси Аиша Мамбеталиева айым USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун алкагында эң мыкты бизнес идеялардын конкурсу аркылуу гранттык каражат утуп алган. Эл аралык туристтер үчүн ат үстүндө коопсуз жана ыңгайлуу саякаттарды уюштуруу үчүн USAID ага жогорку сапаттагы 14 комплект ат жабдыктарын өткөрүп берди.
Иш-чара учурунда ат токуу боюнча мастер-класс өткөрүлүп, жаңы маршрут, тамак-аш жана оюн-зоок программалары көрсөтүлөт.
Көбүрөөк маалымат алуу жана катталуу үчүн USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун адиси Жибек Абдырамановага (+996) 772 322 249, [email protected]) кайрылсаңыздар болот.