• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сузак райондук соту Музаффар Исаковдун ишин кайрадан карайт

29 Теке 2019 12:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак райондук соту мурдагы депутат Музаффар Исаковдун ишин кайрадан карайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин, Сузак райондук соту 15-июлда мурдагы депутат Музаффар Исаковду жана аны менен кошо айыпталып, беш жылга соттолгон эки адамдын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 14-майында Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен  Музаффар Исаков Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (“Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат”), 320-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынган.

Эске салсак, Музаффар Исаковго бир катар коррупциялык иштерге байланышы бар деген айып коюлган.

Количество просмотров: 13