Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-декабрында Сузак районунун тургуну, Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен УКМКга кайрылган.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча башкармалыгында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында, арыздын материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.