• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сузакта 5 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

7 Теке 20239:21 Бишкек Govori.TV

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Барпы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Барпы айыл өкмөтүнүн Токой участкасында өскөн жапайы кара куурайды орушту. 4 гектар жерден жалпысынан 4 тоннага жакын кара куурай топтолгон.

Жалал-Абалд облустук милициясынан билдиришкендей, ошондой эле Сузак айыл аймагынан 1 тоннадан ашуун жапайы кара куурай орулган. Алар өрттөлүп жок кылынды.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар арасында баӊгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 139