• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Таш-Көмүрдө пенсионердин жансыз денеси табылды

2 Жетинин айы 2022 11:24 Бишкек Govori.TV

Таш-Көмүр шаарында батирден 63 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 1-кичирайонунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1959-жылы туулган С.Э. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 148