• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Сузакта кан ташыган унаа кырсыкка кабылды. Ал ажаткананы сүзгөн

26 Жетинин айы 201914:57 Бишкек Govori.TV

Сузакта районунда кан ташыган унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 25-ноябрда түнкү саат 23:00 чамасында Сузак—Благовещенка жолунда Кан кызматынын кызматтык унаасы катуу ылдамдыкта бара жатып жол жээгиндеги күйүүчү май куйган жайдын ажатканасын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен «Тойота Хайлюкс» үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы тарабы жабыркаган.

«Окуя болгон жерден алгач айдоочусун таппай калышты. Андан кийин кайра пайда болуп калды. Милиция кызматкерлери келип териштирип жатышты», — деп билдиришти күбөлөр.

Аймактык кабарчы кырсыкка кабылган унаада кан болгон же болбогонун тактоо үчүн облустук кан кызматынын жетекчиси Урмат Боржуевге телефон чалганда ал иш сапарда экендигин, маалыматты толук тактагандан соң билдирүү берерин айтты.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 74