Сузак районундагы Ленин айылында мугалим окуучулар тарабынан катуу сабалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, 25-августта Юрий Губайдуллиндин кошунасы бакчасын сугарган. Ал суунун башына келип, суунун башка жакка бурулганын көрүп нааразы болгон. Бул убакта кошунасы агасын ээрчитип келип, ортодо пикир келишпестик жаралган.
Айылдыктардын бири Юрий Губайдуллинди кетмен менен чаап ийген. Жабырлануучу «Кылым шамы» укук коргоо уюмуна кайрылган. Анын жаагы 3 жеринен сынып кеткен. Учурда 67 жаштагы мугалимге операция жасалды. Кылмыш иши козголгону менен шектүүлөр кармала элек», -деп айтылат маалыматта.