Сузакта турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМден 2 өрт куткаруу бөлүмү тартылды. Бул тууралуу, КР ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 28-сентябры күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ладан-Кара айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:50дө КР ӨКМнин Сузак райондук №65 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 13:04тө КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет.