• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Сузактагы кырсыкка кабыл болгон портердин айдоочусу балдарга бекер балмуздак алып келгени айтылууда

2 Бугу 2024 21:03 Бишкек Govori.TV

Сузактагы кырсыкка кабыл болгон портердин айдоочусу балдарга бекер балмуздак алып келгенин айтып чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта, 2-май күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунун Көк-Арт а/ө Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын арасында Манас айтуу аземи болуп жаткан учурда, Жерге-Тал айылынын Жунусова көчөсүнүн тургуну 1976-ж.т Б.Ж өзүнүн башкаруусундагы “Хундай-Портер” автоунасын өчүрбөй токтотуп, автоунаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан автоунаасы жылып кетип “Манас” айтып жаткан окуучу балдарды сүзүп кеткендигин кабарлаган.

«Текшерүү учурунда Хундай-Портер автоунаасынын айдоочусу 1976-ж.т. Б.Ж. өз көрсөтмөсүндө, аталган окуя болгон учурда ал демөөрчүлүк кылып, кароо сынакка катышып жаткан балдарга бекер балмуздак таркатуу үчүн 7 коробка балмуздак жүктөп чыккандыгын, ал балмуздакты Жерге-Тал айылдык мектебинин директоруна кайсыл жерге жеткирип берейин деп суроо үчүн автоунаасын токтотуп автоунаадан түшүп телефон менен чалып жаткан учурда автоунаа ылдыйга жүрүп кеткендигин байкабай калып, өзү артынан кууп токтоткону жетишпей калгандыгын билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, текшерүү учурунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясы жана Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы «Манас» эпосунун («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» ПЖ №126 Жарлыгын аткаруу максатында Көк-Арт айыл аймагынын Катмы эс алуучу жайында «Урааным Манас» кароо сынагынын райондук түрү өткөрүлуп, ал жерде райондун аймагынан 3000 окуучуну катышып жаткандыгы такталган.

Окуядан улам азыркы учурда жалпы 31 окуучу райондун аймагындагы Сузак, Октябрь айылдык ооруканаларына жана Жалал-Абад областтык ооруканалдарына кайрылган.

Кайрылган окуучулардын арасынан 18 окуучу ооруканага жаткырылып, алардын арасынан 4 окуучу Жалал-Абад областтык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө сынган жаракаттары менен жаткылырып, оор абалда деп эсептелүүдө.

Ал эми, калган 13 окуучу амбулатордук түрдө медициналык жардам алып чыгып кетишкен.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон атуулдар такталып суралып, тийиштүү тергөө ыкчам иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 4174