• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы качан чыгат?

14 Жалган куран 2022 14:56 Бишкек Govori.TV

БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бекматов кабарлагандай, бүгүн саат 15:00дө Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызы административдик сотто каралат.

«БШК соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен, ошого ылайык өзүнүн чечимин чыгарат»,-деди Бекматов.

Боршайком буга чейин шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Буга добуш сатып алуу фактысы себеп болгону айтылган. Муртазалиев дооматтарды четке кагып, аны «каралоо» катары сыпаттап жатат жана БШКнын чечимине каршы административдик сотко арыз берген.

Количество просмотров: 90