• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкек ШИИБдин жетекчиси коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырмасын берди

23 Жалган куран 202420:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев кезексиз кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Кеңешмеде Бишкектин аймагында террорчулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын кызматташуу деңгээлин жогорулатуу маселеси каралган.

«Шаардык милициянын башчысы эл көп чогулган жайларда коопсуздукту сактоо үчүн коопсуздук кызматтары менен бирге ири соода борборлорунун, базар, театр жетекчилери менен жыйындарды өткөрүү тапшырмасын берди. ШИИБ башчысы коопсуздук чараларын күчөтүп, көзөмөл камераларын орнотуп, күзөттөгү кызматкерлердин дыкат иштешин талап кылуу керектигин белгиледи», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 133