• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Свердлов РИИБнын тергөөчүсү аялды интимдик мамилеге мажбурлаган

28 Тогуздун айы 201913:59 Бишкек Govori.TV

Аялдан 10 000 сом пара талап кылып  кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын тергөөчүсү аны интимдик мамилеге мажбурлап, автоунаасын өзүнө каттатып берүүнү сураган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы өздүк маалыматтар маалымдашкан.

Маалыматка ылайык, аял өзүнүн уулун чаап жиберип, бала атасына даттанып айтып барган. Ал милицияга арыз жазган. Милия бөлүмүндө тергөөчү аялга баладан баш тартуу арызын жазууну сунуштап, антпесе кылмыш ишин козгоого туура келет деп түшүндүргөн. Ошондой эле жарандык мамилелер боюнча иштин оң чечилиши үчүн тергөөчү аялдан 10 000 сом жана ага катталган автоунааны өзүнө каттатып берүүнү талап кылган. Кийин алар чогуу шаардын четине чыгышып, машиненин салонунун тергөөчү аялга төшөк мамилесин сунуштаган.

Эске салсак, буга чейин ИИМ менен ЭКККМК менен биргеликте Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматынын С.Н. аттуу тергөөчүсүн 10 000 сом өлчөмүндө пара опузалаганы үчүн кармашкан. Тергөөнү Финполиция жүргүзүп жатканы белгиленген.

Эске салсак, буга чейин «Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкери мекеменин жетекчиси ага бир нече ирет төшөк мамилесин сунуштап жатканын айтып, социалдык түйүндөргө экөөнүн сүйлөшкөн аудио жаздыруусун жана видеосун жүктөгөн.

Мындан соң аталган мекеменин директору Жаныбек Дүйшеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылган.

Количество просмотров: 1382