• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева «Дарак ыры» тасмасына саунтрек жаздырышты

20 Бирдин айы 2018 14:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.02.18.Govori.TV
«Дарак ыры» аттуу мюзикл жанрындагы тасмага «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко менен ырчы Жылдыз Осмоналиеванын үнү менен саунтрек жаздырылды. Бул туурасында фильмдин режиссёру Айбек Дайырбеков билдирди.

Анда  Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева мюзиклдеги бир ырды саунтрек кылып ырдашкан. Ал эми ырды Москвадан Игорь Матвиенконун студиясынан жаздырышкан. Ырда аткарган ырчылар кино туурасында көптөн бери кабардар экен.  Фильмдин ачылыш аземи 28-февралда болот. Бул ачылыш аземине Салтанатка Светлана Назаренко  Жылдыз Осмоналиева өздөрү келип катышат.
Белгилей кетсек, «Дарак ыры» мюзикли — Кыргыз өлкөсү, Казакстан жана Орусия биргелешип тарткан фильм. Сценарийдин негизги өзөгүн кыргыздын илгертен айтылып келе жаткан уламыштары түзөт.

 

Количество просмотров: 33