• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Сыймык Бейшекеев: Баарыңыздардын куттуктооңуздарды жаным жыргап, көңүлүм куунап окудум, кирпик нымдап кубандым…

2 Аяк оона 202216:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, эстрада ырчысы, “Сыймык” чыгармачылык-оюн-зоок борборунун артисти Сыймык Бейшекеевге, президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамын ыйгарды. Бул тууралуу эл артисти өзүнүн фейсбук баракчасына өнөрүн баалаган элине ыраазычылыгын жазды.


«Бүгүнкү күнгө буйруган экен… Бул наамда сиздердин ишенимиңиздер, мага айткан ак тилек батаңыздар, Ата Энемдин акыл кеңеш тарбиясы, улуу устаттардын таалими, өнөр жолдогу үзөңгүлөштөрдүн үмүтү, деги койчу Ат Башыдан башталган колдооңуздар Чоң Алай, Лейлекке чейин өз уулундай тосуп узаткан Кыргыз элимдин мага алып берген аманаты деп билем. Баарыңыздардын куттуктооңуздарды жаным жыргап, көңүлүм куунап окудум, кирпик нымдап кубандым, демек 28 жыл ичинде сиздерге өгөй болбой өз болупмун деп шүгүр кылдым, жаны кыйналып ооруп турган Атакеме дагы бул кабар жагымдуу болгонун добушунан сездим, телефондун ары жагынан Апакемдин карааныма кагылып каргылданган үнүнөн кубанычынын көз жашын туйдум, бул наамды жалпы кыргызымдан алган аванс катары кабылдадым, жараткан өмүр берсе жарпыңыздарды жазаар жакшы чыгармаларды жаратаарбыз, баарыңыздарга алкышка жуурулган ыраазычылыгымды узатам, бар болуңуздар жакшыларым!»,-дейт Бейшекеев.

Количество просмотров: 935