Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.
Окуу жылы башталганда Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын артисттери Чүй облусун кыдырып, мектеп окуучуларына ылайыктуу спектаклдерди коюшат. Бул тууралуу театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы кабарлады.
Белгилүү болгондой, театр учурда толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Буга байланыштуу театр артисттери Чүй облусун кыдырып, мектеп окуучуларына ылайыктуу Токтоболот Абдумомуновдун «Абийир кечирбейт», Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу», «Кылым карытар бир күн», Николай Гоголдун «Үйлөнүү» спектаклдерин коюшат.
Андан тышкары, аталган театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси артисттер быйылкы жылы фестивалдарга катышып, чет өлкө, аймактарга гастролдорго чыгарын кошумчалады.