Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясы өтүп жатат.
Конференцияга аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутагынын, башка мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик жана эксперттик коомчулуктун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган.
Конференциянын максаты — аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, өнүктүрүү, өлкөнүн жана Кыргызстандыктардын бакубаттуулугу үчүн калктын жана мамлекеттик органдардын өз ара активдүү аракеттенишүүсү, бизнес тармагы, жарандык, эксперттик коомчулук жана эл аралык институттардын пикир алышуусу.