• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түлөбаев элге кайрылуу жасап, вирусту токтотуу жолун айтты

9 Теке 2020 17:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев элге кайрылуу жасап, бул оорунун токтотуу жолун айтты.

“Калайык! Бул оору качан токтойт билесиңерби? Качан СИЗ ооба СИЗ тууганым!!!!
Базарларда, транспортто, жабык жерлерде жана эл көп жерлерде маскасы жок кетип бара аткан кишини токтотуп эмне үчүн маска кийген жоксуз деп сураганда ТОКТОЙТ!
Эмне үчүн ал жоопкерсиз адам бүткүл элди дүрбөлөңгө салып баарыбызды оорутуш керек. Күнө жалгыз эле бийликте эмес да, бизге да жардам бергиле да!
Чогуу болмойун муну жеңе албайбыз! Ыргалжын болбой баарыбыз, бири бирибизди көзөмөлдөйлүчү! Ошондо тып эле токтойт. Кайра тынч убакка түшүп жаныбызды багабыз”,– деп жазат ал социалдык тармактагы баракчасына.

Количество просмотров: 4848