• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түлөбаев комитет төрагасынын орун басары болду

8 Аяк оона 202210:38 Бишкек Govori.TV

Депутат Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Добуш берүүнүн негизинде Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Количество просмотров: 553