• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Азыр сиз эмес, мен депутатмын!». Түлөбаев Иманалиевди какшыктады…

1 Жалган куран 2023 16:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-мартта парламент жыйынында Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралууда.

Жыйында Иманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип, айрым маселелерди чечүү жолдору тууралуу эл өкүлдөрүнүн сунуштарын угууда. Анда депутат Балбак Түлөбаев Иманалиевге кайрылып, «убагында жасаган кайрылууңуз боюнча Ысык-Көлдүн аксакалдарына азыр эмне деп айтасыз, кайрылып койбойсузбу» деди.

Ага жооп берген Каныбек Иманалиев «бул суроого президент эң жакшы жооп берди» деген пикирин айтты.

Эске салсак, 2020-жылы президенттик шайлоо учурунда болгон маалымат жыйында президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы айтылган. Маалымат жыйын учурунда ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Ысык-Көлдүн аксакалдарына кайрылуу кылган.

Количество просмотров: 22504