• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түлөбаев: Жакында Башкы прокурор менен Ташиевдин тирешин көрөсүңөр

10 Бирдин айы 2022 16:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жалпы жыйында сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

“Кыргызстанды бирөө чала баштады. Жакын арада Башкы прокурор менен Камчыбек Ташиевдин каршылашын, тирешин көрөсүңөр, аларды чалып атат. УКМК жарандарды тыңшасын деген мыйзамга кечээ күнү Башкы прокуратура каршы чыкты. Эми Адахан Кимсанбаевичти, өзүбүздүн коллегабызды (жоопко тартууга уруксаатты) мынтип алып келип шашылыш түрдө караганы жатабыз”, — деди.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-февралдагы жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунуштамаларын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү маселесин карады.

Талкуунун жүрүшүндө 73 эл өкүлү макул, бирөө каршы добуш берип, Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин карай турган атайын комиссия түзүлдү.

Количество просмотров: 1927