• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Төлөп бергиле! Жээнбеков медиктердин, милиция кызматкерлерин айлыктары тууралуу сөз козгоду

15 Кулжа 202016:56 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушту. Анда өлкө башчы коронавирус боюнча бир катар маселелерге көңүл буруу керектигин айтты.

Жана ошондой эле, мамлекет башчысы медиктерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, илдет менен күрөшүүгө тартылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Ошону менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы жайыт талашуу  маселесин тыкыр иликтеп, чечүүгө Өкмөттүн көңүлүн бурду.

Количество просмотров: 633