• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Түлеев: Мен таң калам… Акча менен берсем деле жеп коюшмак экен да

2 Аяк оона 2019 15:36 Бишкек Govori.TV

Буга чейин мэриянын кызматкери экс-мэр Нарман Түлеевдин улутташтырылган 8 батирин сатып, өзү качып кетти деген маалымат тараган эле.

Бул тууралуу Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев «буюрган эмес да, жакшынакай кылып салып берген оокатты да колдоно алышпайт»,-деген пикирин айтты.

«Мага 60 миллион чыгым төлөп берүү чечими чыккан А мен соттон бул чыгымды батирлер менен төлөп берем жана аны бюджетниктерге берилээрин айтып макулдашып, соттук чечимге жаздыртып алгам. Жалпысынан 11 батир бергем. Алардын үчөө прокуратурага, сегизөө өкмөткө (бюджетниктер үчүн) берилген болчу. Мен тан калам. Эгер акча менен төлөгөндө деле жеп алышмак экен да»,-деди Түлеев.

Ал эми мэрия тараткан маалыматк ылайык, мурунку кызматкер муниципалдык мүлк боюнча аукциондун протоколун жасап, Москва көчөсүнүн №191 дарегинде жайгашкан үйдөн 8 муниципалдык батирди сатып, өзү качып кеткен. Бул тууралуу кабардар болгон башкармалыктын башчысы Нурдин Тынаев 1-сентябрда Бишкек ШИИБге кайрылган. Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду. Шектүүгө издөө жарыяланган.

Количество просмотров: 2358