• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түлеев: Шайлоодо мыйзам бузуулар болду

12 Чын куран 2021 14:34 Бишкек Govori.TV

 Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзам бузуулар болду. Мындай пикирин Борбор калаанын мурдагы мэри, “Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Түлеев билдирди.

Анын айтымында, тарыхта эң ыплас шайлоо былтыркы жылдын күз айында өткөн. Бул жолу мурункуларга салыштырмалуу таза өттү.

«Башыбыздан канча шайлоо өткөрдүк. Тарыхта эң ыплас шайлоо былтыркы жылдын күз айында өткөн. Бул жолу мурункуларга салыштырмалуу таза өттү. Бирок бир партиянын дарегине айтылып жаткан сөздөргө кошулам. Үй жана квартал комитеттеринин башчылары, акимдердин баары ошол партияга иштеди. Ошол эле Ленин районунун акими кармалып, СИЗОдо отурат. Мындайга жол бербөө керек. Менимче тийиштүү органдар мыйзам бузуулар боюнча чечим чыгарат. Негизи бир партияга элдин дагы нааразычылыгы күч болуп кетти»,-деди Түлеев.

Количество просмотров: 224