«Ак Бата» партиясы Бишкек, Токмок жана Ошто өтө турган шаардык кеңештердеги кайра шайлоого катышпайт. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Нариман Түлеев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, партия алдыдагы парламенттик шайлоого катышат.
«Ак Бата парламенттик шайлоого катышат. Күчүбүздү күзгө сактап жатабыз. Бишкектеги өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин деңгээлинде баштайбыз. Эгер эл бизди колдосо, биздин сүйүктүү шаарыбыз туш болгон азыркы абалдын кайталанышына жол бербейбиз», — деп жазган ал.
Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо 11-июлда өтүп, бүгүнкү күнгө шайлоого катышуу үчүн 16 партия арыздарын тапшырган.