• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Түлеевден алынган батирди Тыныбековага биротоло берүү сунушталды

10 Кулжа 202021:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү тууралуу токтомдун долбоору келип түштү. Аны муниципалдык мүлк боюнча башкармалык даярдаган. Бул маалыматты башкармалыктын башчысы Нурдин Тынаев шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын 10-июндагы отурумунда билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага 2019-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган. Бирок Тынаевдин айтымында, Москва көчөсүндөгү №191 даректе жайгашкан батир Бишкек шаардык мэриясынын мүлкү болуп саналат. Эми аны Айсулууга биротоло тапшырууну сунуштап жатышат.

Белгилей кетсек, жогоруда сөз кылып жаткан батир мурунку мэр Нариман Түлеевдин соттон кийин конфискация кылынган батирлердин бири.

Количество просмотров: 638