Ушу тапта түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу иштери активдүү улантылып жатат. Бул жол боюнча куруу иштеринин бардыгы 2024-жылдын 30-ноябрында аякташы керектигин «Биринчи радио» эфиринде Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженери Айбек Калмаматов билдирди.
Калмаматовдун айтканына караганда, долбоордун алкагында жалпы узундугу 430 чакырым болгон түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу улантылып жатат. Азыркы учурда Кочкор районундагы Эпкин айылы менен Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын ортосундагы узундугу 70 чакырым болгон участокто негизги иштер жүрүүдө. 2024-жыл ичинде 80 чакырымга асфальтбетон төшөө пландалган, азыр мунун 58 чакырымына асфальтбетон төшөлгөн, бул участоктогу бардык иштер ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин аякташы керек.
Мындан тышкар Көк-Арт ашуусунда да жол куруу иштери активдүү жүрүп, узундугу 3,9 чакырым тоннель курулууда. Тоннелге асфальт төшөө аяктап, азыркы тапта жарык берүү жана вентиляция жасоо жүрүүдө. Бул иштерди ушул жылдын 30-ноябрында аяктоо пландалган.