• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Түндүкэлектр» ААК: Быйыл 61255 акылдуу эсептегич орнотулат

10 Жалган куран 2020 12:01 Бишкек Govori.TV

«Түндүкэлектр» ААК 2020-жылы оңдоо иштеринин алкагында 61255 акылдуу эсептегичтерди орнотууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта «Түндүкэлектр» ААКнын башкы директору Искендер Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, жаңы эсептегичтер бузулбай канча электр энергиясы колдонулганын так көрсөтөт.

«Бул жасала турган иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат жана жоготууларды азайтат. Өткөн жылы 1,6 миң абонент акылдуу эсептегичтерге карата нааразычылыгын билдиришкен. Бирок баардык арыздар боюнча биз текшерүү жүргүздүк. Аталган эсептегичтер так чыкты», -деди Кадыркулов.

Эске салсак, акылдуу эсептегичтер өлкө аймагында 2012-жылы орнотула баштаган. Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, 221 миң акылдуу эсептегичтер орнотулган. Өткөн жылы эсептегичтерин жаңыга алмаштырган абоненттердин саны 31 миңге жеткен.

Количество просмотров: 31