• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Түндүкэлектр» ишканасы: Карызы бар 10 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

14 Баш оона 20209:56 Бишкек Govori.TV

«Түндүкэлектр» ишканасы 17-18-августта карызы бар 10 миң абоненттин жарыгын өчүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу аталган ишкананын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, электр кубатын өчүрүү аралыктан жүзөгө ашат.

«Компания 26-марттан тартып өкмөттүн сунушу менен карызы бар абоненттерди өчүрүүнү үч айга токтоткон. Бирок учурда почта бөлүмдөрүнүн баары штаттык режимде иштеп жаткандыктан, «Түндүкэлектр» мурдагы иш ыргагын калыбына келтирет»,-деп айтылатмаалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкекте дароо 10 миң абонент өчүрүлгөн учур буга чейин катталган эмес.

Количество просмотров: 155