• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түптүн тургуну апасын зордуктоого аракет кылган жаранды сабап өлтүрдү

9 Тогуздун айы 201811:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018.Govori.TV.
Түп районунун тургуну 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган 30 жаштагы таанышын сабап, өлтүрүп алды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык,  8-октябрда Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде жергиликтүү тургун улгайган аялды зордуктоого аракет кылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук бөлүмдүн оперативдүү тобу барган. Күбөлөрдү суроо учурунда ошол эле күнү саат 19:00 чамасында 30 жаштагы тургун мас абалында таанышынын үйүнө кирип,  78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган. Коркуп кеткен аял кыйкырып жардамга чакырган. Апасынын кыйкырганын уккан 30 жаштагы баласы чуркап келип, мас абалдагы тургунду катуу сабап салган.  Жаңжал болуп жаткан жерге кошуналары аймактык милиционерди чакырышкан. Мындан кийин райондук милицияга жана ооруканага билдирүү беришкен.

Денесине оор жаракат алган адам райондук ооруканага жеткирилип,  эс-учуна келбей көз жумган. Анын денесине оор жаракат келтирген шектүү дагы ооруканага жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 57