• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Түптүн тургунунун үйүнөн 20 кг жакын баңгизат табылды

3 Чын куран 2023 10:33 Бишкек Govori.TV

Түп районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 кг жакын баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизатын таап, жүгүртүүдөн алышты.

Түп районунун аймагында европа улутундагы жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшүп, текшерүүдө маалымат тастыкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө алынган маалымат боюнча кылмышка шектүү Түп районунун тургуну, 1970-жылы туулган П.А. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Түп РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Кылмыштуулуктун бетин ачуу максатында А.П. аттуу жарандын кылмыштуу байланыштары, баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада П.А. аттуу жарандан 7 кг 816 гр марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөөсүн тинтүү учурунда дагы 11 кг 750 гр салмактагы гашиш табылган. Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 кг 566 гр түздү.

Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

Количество просмотров: 189