• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Түптө сел жүрдү

23 Кулжа 202411:08 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин маалыматы боюнча, 22-июнда саат 15:40 чамасында нөөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулары арыктан ашып, 11 үйдүн короосун суу каптаган.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан жана Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылган.

Суу өтүүчү арыктарды кеңейтүүгө 2 экскаватор, 1 жүктөгүчтүн тартылып, сел суулары кирген 3 үйдүн жер төлөөсү толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.

Количество просмотров: 136