• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түптө жол кырсыктан 18 жаштагы жигит каза болду

7 Бугу 202115:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгынан 18 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-майга караган түнү саат 00:57лер чамасында Шаты — Ичке-Суу— Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) болгон.

«BMW-525 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Мунун кесепетинен 18 жаштагы бала каза болуп, автоунаанын ичиндеги 18 жаштагы үч жигит жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгү Тез жардамдын кызматкерлерине өткөрүп берилген. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 344