• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Төрөбаев: Атамбаев кайрадан коркута баштады

28 Жетинин айы 201811:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.11.2018.Govori.TV.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мурдагы жана азыркы президенттин айлансындагы сөздөр боюнча комментарий берди.
Төрөбаевдин «Фейсбуктагы» расмий баракчасына чыккан билдирүүдө: “Алмазбек Атамбаев алты жыл бою элибизди Акаев, Бакиев деп коркуткан ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир берчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых. Алар кайтып келишпегени анык” деп жазылат.
Ошондой эле Төрөбаев азыркы президент жалган маалыматтарга, интригаларга жана ушак-айыңдарга көңүл бурбай, жаңы идеяларды, алгылыктуу программаларды ишке ашырып, өлкөдө реформаларды жүргүзүшү керек экенин белгилеген.

 

Количество просмотров: 58