• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Төрөбаев ЕАЭБдеги келишимдер бузулуп жатканын айтып, аны кайрадан карап чыгууну сунуштады

16 Бирдин айы 2022 12:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Евразия Экономикалык Биримдигине кирүүдө түзүлгөн келишимдер бузулуп жатканын айтып, аны кайрадан карап чыгууну сунуштады.

«ЕАЭБге киргенде биз төрт эркиндик алганбыз. Бул товардын жүрүшү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү. Казакстанда биздин ишкерлер көп проблемаларга туш болуп жатат. Жумушчуларга медициналык кароодон өтүш керек деген шылтоолор менен бизге чектөө болуп жатат. Капиталдын жүрүшү дегенде — биздин балдар Кыргызстанга акча которууда дагы проблемалар бар. Кызмат көрсөтүүдө дагы көйгөйлөр бардыр. Биздин биримдикте министрлерибиз бар. Алар бул жерде кызматы жок болгондо кооз сөздөрдү сүйлөйт эле. Алардын үнү чыкпай жатат. Кайра эле биздин ишкерлер, жарандарыбыз кыйнала береби?», — деди Төрөбаев.

Количество просмотров: 104