• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Төрөбаев Президенттик шайлоодо эки талапкердин ортосунда күрөш чоң болорун айтты

2 Жетинин айы 2020 17:32 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоодо эки талапкердин ортосунда күрөш чоң болот. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев фейсбук баракчасында жазды.

«Негизинен учурда эки талапкер белгилүү болуп калды. Ошол эки талапкердин ортосунда күрөш чоң болот. Бул боюнча талапкерлер расмий каттоодон өткөндөн кийин айтам.
Бүгүнкү күндө эч бир саясатчы же эксперт шайлоодо ким утаарын алдын ала айта албайт. Мен эки талапкердин тең жактоочуларына айткым келет, интернетте колдоп, талаш-тартыш жараткандын ордуна, элдин жүрөгүн, добушун алуу үчүн мыкты команда түзүп, иштөө керек.
Албетте, кимдин командасы жумушту жогорку деңгээлде уюштуруп, калктын калың катмарына кирип, ар бир добуш үчүн күрөшсө ошол адам президент болот.
Кыргызстанда президенттикке татыктуу бир нече адамдар бар. Бирок, алардын көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү же командасы жок. Ошол үчүн алар ута албайт. Бул шайлоодо элдер президенттикке аттанган талапкерге эмес, командасына карап добуш берип калышы ыктымал. Андыктан, бул шайлоодо социалдык тармакта комментарий жазып, кайым айтышкандар, көчөдө кыйкыргандар утпайт. Мыкты команда түзө алгандар жеңишке жетишет.
Айрым маселелерди көчөдө кыйкырып жүргөн миң же беш миң адам чечиши мүмкүн. Бирок, шайлоодо жалпы эл чечет.
Айыл өкмөттөн баштап, өкмөткө чейин жалпы бийлик бутактарына кайрылат элем. Бул шайлоого такыр кийлигишпегиле. Мамлекеттик кызматкерлерге, мугалимдерге, дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине эч кандай тапшырма бербегиле. Бул шайлоону элдин өзүнүн тандоосуна койгула. Жыйынтыгында жеңишке жеткен адамга биз баш ийишибиз керек», — деп жазган ал өз кайрылуусунда.

Количество просмотров: 188