• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Төрөбаев: Текебаевдин иши кайра иликтениши керек

18 Жетинин айы 2018 14:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.11.2018.Govori.TV.

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийдин камакка алынганы боюнча пикирин партиянын «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыялады. Төрөбаев саясатчылардын сот жообуна тартылышына негизги күбө болгон Маевскийдин көрсөтмөлөрү боюнча Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча комитети кылмыш ишин тыкыр иликтеп, акыйкат баа берүүгө тийиш деп эсептейт:

“Алдамчылык иштерине шектелген Маевскийдин көрсөтмөсү менен камакта отурган эки саясатчыга чыгарылган сот өкүмү канчалык мыйзамдуу деген суроо жаралды. Анткени Маевский жалган жерден бирөөдөн акча талап кылган шылуун экени белгилүү болду”.

Орусиялык ишкер, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталууда. 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлашты.

Количество просмотров: 34